НЕРУДА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕРУДА Пабло (чын аты-жөнү - Нефтали Рикардо Рейес Басуальто; 12. 7. 1904, Парраль - 23. 9. 1973, Сантьяго) - чили акыны, коомдук ишмер. Сантьяго университетинде окуган. Биринчи ыр китеби - «Мунарык (1923). 1934- 37-ж. Н. Испанияда дипломатиялык кызматта болгон, испан элинин антифаш. күрөшүнө катышкан. «Жүрөгүмдө Испания» (1937) аттуу ыр жыйнагы менен ал испан элинин эркиндик үчүн күрөшүнүн жарчысы катары таанылган. Подпольеде жүрүп 1948-ж. Латын Америкасынын тагдыры жөнүндө «Жалпы элдик ыр» аттуу эпопея жазган. Бул чыгарманын жаңычылдыгы - поэтикалык тилинин өзгөчөлүгү менен лирикалуулугунда. СССРге бир нече ирет келип, көргөндөрүн «Жүзүм сабактары жана шамалдар» (1954) деген лирикалык күндөлүгүндө баяндаган. Н-нын поэтикалык дүйнөсүнүн кеңиши «Сүзүү жана кайтуу» (1959), «Сүйүүнүн жүз сонети» (1960), «Чилинин таштары» (1960), «Салт ырлары» (1961) жыйнактарында, «Кара аралдын мемориалы» поэмасында даана байкалган. Анын поэзиясына ассоциациялуулук, образдуулук, чыйрак ыргак мүнөздүү. Н-нын чыгармалары дүйнө элдеринин поэзиясына олуттуу таасир тийгизген. Н-га Тынчтыктын эл аралык сыйл. (1950), «Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик (1953) сыйл. ыйгарылган. Нобель сыйл. лауреаты (1971).