НЕРСЕНИН ЭРКИН ТҮШҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕРСЕНИН ЭРКИН ТҮШҮШҮ - баштапкы ыл­дамдыгы нөлгө барабар болгон нерсенин Жер­дин тартылуу талаасындагы кыймылы. Эркин түшүүчү нерсенин кыймылы бир калыпта ыл­дамдатылган кыймыл болот. Н. э. т. тартуу кү­чүнүн жана чөйрөнүн каршылык күчүнүн ара­кетинин негизинде пайда болот. Тартуу күчү Жердин борборуна чейинки аралыкка, ал эми чөйрөнүн каршылык күчү нерсенин ылдам­дыгына көз каранды. Н. э. т-нө Жердин 0=0,0000729 рад/сек бурчтук ылдамдыкка ээ болгон суткалык айланышы таасир этет. Эгер­де Жердин формасы так сфера эместигин, сут­калык айланышын жана чөйрөнүн каршылыгын эске албасак, анда түшүүчү нерсенин оордук бор­бору Жердин борборуна багытталган түз сызык боюнча кыймылдайт.