НЕРСЕЛЕРДИН СҮЗҮШҮ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕРСЕЛЕРДИН СҮЗҮШҮ (суюктукта)- кандайдыр бир нерсенин суюктук бетинде, ошондой эле суюктук же газдын ичинде белгилуү деңгээлде кармалып туруу жөндөмдүүлүгү. Н. с. теориясынын негизги маселеси суюктукка матырылган нерсенин тең салмактуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу шарттарын аныктоо. Н. с-нүн маңызын Архимед закону аркылуу ачууга болот. Мында үч учур болушу мүмкүн: 1) эгер нерсенин оордук күчү Архимед күчүнөн чоң болсо, анда нерсе суюктукка чөгөт; 2) эгер нерсенин оордук күчү Архимед күчүнө барабар болсо, анда нерсе суюктуктун ичинде сүзүп жүрөт; 3) эгер нерсенин оордук күчү Архимед күчүнөн кичине болсо, анда нерсе суюктуктун бетинде калкып жүрөт. Ар кандай нерселердин суюктукта чөгүшү же сүзүп жүрүшү алардын тыгыздыгына көз каранды. Анткени, нерсенин тыгыздыгы массасына, демек салмагына жараша болот. Эгерде катуу нерсенин тыгыздыгы суюктуктун тыгыздыгынан чоң болсо, анда нерсе суюктукка чөгөт, кичине болсо суюктукта калкыйт, ал эми нерсенин тыгыздыгы суюктуктун
тыгыздыгына барабар болсо, нерсе тең салмактуу абалда болот. Мисалы, темир кесиндиси сууда чөксө, сымапта калкып калат.