НЕРВ СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕРВ СИСТЕМАСЫ — жаныбар жана адамдын организминдеги бардык органдар менен системалардын тиричилик аракетин бириктирип, аларды сырткы чөйрө менен тынымсыз байланыштырып, организмдин бүтүндөй иштешин камсыз кылуучу түзүлүштөрдүн жана айрым нейрондор жыйындысы. Ал ички жана сырткы козголууларды кабыл алып, аны талдайт жана организмдин кызматын жөнгө салат. Жөнөкөйлөрдүн (бир клеткалуулар) Н. с. болбойт, бирок кээ бир инфузорияларда козголууларды өткөрүүчү торчолор болот. Жөнөкөй түзүлүштүү ичеги көңдөйлүүлөрдө Н. с. диффузия, кээ биринде нерв түйүндөрү (ганглий) түрүндө болот. Эволюция
процессинде Н. с-нын түзүлүшү жана функциясы татаалданган. Омурткалууларда эмбриондук өрчүүдө нерв түтүгүнүн баш бөлүгү 3 ыйлаакчага бөлүнүп, андан алдынкы, ортонку жана кара куш мээ өөрчүйт. Сүт эмүүчүлөрдүн Н. с. татаал түзүлүштө, к. Ворбордук нерв системасы, Вегетатив нерв системасы, Мээ.