НЕПАЛ ТИЛИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕПАЛ ТИЛИ, непали, гуркхали, кхаск у р а - непалдыктардын тили. Непалдын расмий тили. Непалдын айрым штаттарына, Сиккимге жана Бутанга тараган. Инди-европа тил уясындагы (семьясындагы) тилдердин инди-арий бутагына кирет. Төрт диалекти бар: борбордук, чыгыш непали, батыш непали, Гималайдагы элдин диалекти. Н. т. - аналитикалык-синтездик түзүлүштөгү тил. Лексикасынын негизи санскриттен чыккан сөздөрдөн куралган. Жазууда деванагари, нагари шрифттерин (к. Инди жазуусу) пайдаланат. Алгачкы жазма эстелиги 1337- жылга таандык. Адабий тили борбордук диалектинин негизинде 19-к-дын башынан тартып өнүгүүдө.
Ад.: Королев Н. И. Язык непали. М., 1965.