НЕПАЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕПАЛ, Непал Демократиялык Федерация РеспубликасыТүштүк Азиядагы мамлекет. Гималай тоосунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн КЭР, түштүк- батышынан жана чыгышынан Индия менен чектешет. Аянты 147,2 миң кл«2. Калкы 30,0 миллион

(2011). Борбору - Катманду ш. Администрациялык-аймактык жактан 14 зонага (анчол) жана 75 районго (дистрикт) бөлүнөт. Акча бирдиги - непал рупийи.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011) | |||
Зоналары | Аянты, мин км2 | Калкы, миллион | Администрациялык борборлору |
Махакали | 6,99 | 0,98 | Махендранагар |
Сетхи | 12,56 | 1,58 | Дхангадхи |
Бхери | 10,55 | 1,72 | Непалгандж |
Карнали | 21,35 | 0,40 | Жумла (Дзумла) |
Рапти | 10,48 | 1,48 | Тулсипур |
Гандаки | 12,28 | 1,56 | Покхара |
Дхаулагири (Дзавалагири) | 8,15 | 0,55 | Баглунг |
Лумбини | 8,98 | 2,85 | Бутвал |
Багмати | 9,43 | 3,85 | Катманду |
Жанакпур (Дзанакпур) | 9,67 | 2,88 | Синдхулимади |
Нараяни | 8,31 | 2,99 | Хетауда |
Коси | 9,67 | 2,33 | Дхаран |
Мечи | 8,2 | 1,44 | Илам |
Сагарматха | 10,6 | 2,08 | Тажбираж (Радзбирадз) |
Н. - БУУнун (1995), ЭВФтин (2004), Эл аралык эмгекти уюштуруу уюмунун (1966), Эл аралык саламаттык сактоо уюмунун (1953), ЮНЕСКОнун (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, Азия өнүктүрүү банкынын негиздөөчүлөрдүн бири. Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1961) ж. б. мүчөсү.
Мамлекеттик. түзүлүшү. Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - парламенттик республика (2008-жылдан). Мамлекет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - Уюмдаштыруу чогулушу. Аткаруу бийлигин премьер-министр баштаган өкмөт ишке ашырат. Н-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Н. Коммунисттик партиясы (маочулук), Н. Коммунисттик партиясы (Бириккен марксчылар-ленинчилер), Мадхеси Джана Адхикар Форум ж. б. 2008-жылдан президенти - Рам Варан Ядав.
К а л к ы. Непалдыктар этностук жактан эки топко (тибет жана непал) бөлүнөт. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн непалдыктар (46%), чхетрилер (12,8%), тоо бахундары (12,7%), магарлар (7,1%) ж. б. түзөт. Ошондой эле шерптер, тибеттиктер, гурунгдар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Расмий тили - непал тили. Калкынын 80,6% и индуизм, калгандары буддизм жана мусулман динин тутат. Орт. жыштыгы 1 кж2ге 199
киши (2011). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 64,5 жаш, аялдарыныкы - 67. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 37,3), өлүм-житим орт. (ЮООге 12,9). Шаар калкы 14%. Ири шаарлары: Катманду, Биратнагар, Лалитпур, Бхакатпур ж. б.
Т а б и я т ы. Жери тоолуу. Өлкөнүн аймагынын 40% тен ашыгы 3000 лгден жогору жайгашкан. Дүйнөдөгү эң бийик 8 чокунун 7си Н-да жайгашкан. Түндүгүндө Гималай тоо системасы жатат. Анда дүйнөдөгү эң бийик чоку - Жомолунгма (Эверест; бийикт. 8848 м) орун алган. Инд-Ганг ойдуңунда кум-чополуу жерлер жана саздуу тераилер түндүгүндө адырларга алмашат. Алардын түндүк капталдары жасалма
террасалардан туруп, иштетилет. Чоң Гималайдан (деңиз деңгээлинен орт. бийикт. 4570 м) түштүктө орто бийиктиктеги Кичи Гималай орун алып, бир нече тоо тармактарынан турат. Анын негизгиси - Махабхарат (бийикт. 3000 лгге чейин) кырка тоосу. Чыгышта Гималайдын кыры аркылуу Н-дын Кытай менен чек арасы өтөт. Табиятына бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Климаты тоолуу субэкватордук муссондук. Түштүгүндө январдын орт. температурасы 15°С, июлдуку 30°Сге чейин. Тоолору суук, бийик тоолору дайыма ызгаардуу.
Жайы нымдуу, кышы кургак. Жылдык жаанчачыны 2000 мм. Дарыялары Гангдын алабына кирет. Ирилери: Кали-Гандаки, Арун, Карнали, Коси ж. б. Түштүгүндө тропиктик токой жана тераилер (саздашкан жунгли), дайыма жашыл жазы жалбырактуу токойлор (магнолия) өсөт. Борбордук бөлүгүндө Катманду өрөөнү жайгашкан. Банан, пальма, кактус, бамбук, акация ж. б. токойлор өсөт. Бир нече улуттук парктар (Сагарматха, Читван - Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген, Лангтанг ж. б.) уюштурулган.
Т а р ы х ы. Н-дын азыркы аймагында биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунда эле уруу бирикмелери жашаган. Биздин замандын 7-к-нда Н-да Ткакур династиясы негизделип, 13-к-га чейин башкарган. 15-к-да бир нече княздыктар пайда болуп, 18- к-да бир королдукка бириккен. 1814-ж. англ. Ост-Инд компаниясы Н-га согуш жарыялап, 1816-ж. Н. аймагынын бир бөлүгү Англиянын көзөмөлүнө өткөн. 1847-ж. Англия колдогон Джанг Бахадур Рана бийликке келген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин улуттук-боштондук кыймыл күчөп, Рана бийлигине каршы күчтөрдүн биримдик фронту түзүлгөн. 1951-ж. өлкөдөгү революциянын натыйжасында Рананын бийлиги кулаган. Н-да конституциялык монархия орноп, королдун бийлиги калыбына келтирилгенетикалык 1959-ж. Н-да биринчи парламенттик шайлоо болуп, жаңы конституция кабыл алынган. 1960-ж. король парламент менен өкмөттү таркатып, өлкөдөгү саясий партияларга тыюу салган. 1962-ж. парламент ордуна улуттук панчаяттар (жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдары) шайланып, өлкөдө орногон абсолюттук бийлик 28 жыл сакталган. 1990-ж. жаңы конституция кабыл алынып, көп партиялуу парламенттик демократия киргизилген. Н-дын королу Бирендра чексиз бийликтен баш тартып, партиялардын иштешине макул болгон. 1999-ж. парламенттик шайлоо өткөн. Тышкы саясаты боюнча Н. бейтараптык принципти карманып, бардык өлкөлөр менен достук мамиле түзүүнү көздөйт. 1955-жылдан БУУнун мүчөсү.
Экономикасы. Н. - дүйнөдөгү жакыр мамлекеттердин бири. ИДПнин көлөмү 33,2 млдр АКШ долларын (2009) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1,2 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 49, ө. ж-дыкы 16, а. ч-ныкы 35. Экономикасынын негизин а. ч. (анда эмгекке жарамдуу калктын 3/4и эмгектенет) түзөт. Кирешенин башкы булагы - туризм (анын ичинде альпинизм). Негизги азыгы - күрүч. Кустардык жол менен көмүр, темир, жошо (охра), тальк, слюда, селитра, жез, алтын казылып алынат. Жыгач иштетүү, кагаз, химия, булгаары-бут кийим, металлургия, текстиль (анын ичинде кыл торко кездемелер токулат), а. ч. продуктуларын кайра иштетүү ишканалары иштейт. Дан эгиндери, жүгөрү, картөшкө, жашылча-жемиш, бал камыш, күрүч, жут (негизинен сыртка чыгарылат) ж. б. айдалат. Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй куштары багылат. 2009-ж. 2,9 миллиард кВт-с электр энергиясы
өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун уз. 17,3 миң км (2007; анын ичинде 60% и асфальтталган), т. ж-нуку 59 км. Сыртка килем, жуттан токулган буюмдар, кездеме, күрүч, буудай, май жана булгаары, дары чөптөр, татымалдарды чыгарат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Индия (сырткы соодасынын 1/ги), Германия, Улуу Британия, Сингапур, Япония, Кытай ж. б.
Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто, атайын жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 65% ти түзөт (2008). Окутуу англис жана непал тилинде жүргүзүлөт. ЖОЖдору, китепкана, музейлери бар. Англ. жана хинди тилдеринде «Горкхапатра», «Непали», «Райзинг Непал» ж. б. гезит-журнал чыгат. Радиоуктуруусу (1966-жылдан), телекөрсөтүүсү (1969-жылдан) иштейт.



