НЕОТЕКТОНИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕОТЕКТОНИКА (нео... жана тектоника), ж аң ы же азыркы кездегитектоник а - тектоника илиминин бир тармагы. Неоген-антропоген мезгилдериндеги тектоникалык процесстерди изилдейт. Н. жер кыртышын жана анын түзүлүшүн өзгөртүп, жаңы структуралык формаларды, азыркы рельефти пайда кылган. 1937-ж. С. С. Шульц Теңир-Тоонун азыркы рельефин илимий негизде түшүндүрүү үчүн «Н.» деген терминди колдонгон. 1948-ж. В. А. Обручев Н-ны геология илиминин өз алдынча тармагы катары караган. 1950-ж. Н. И. Николаев Н-ны тектоникалык кыймылдардын активдешиндеги геол. тарыхында азыркы кездеги тектоникалык этап деп бөлгөн. Жер кыртышынын түрдүү структуралык элементтеринде (платформа, ороген, азыркы геосинклиналдуу аймак), олигоцендин аягында, неоген менен антропогенде кыймылдар бир эле убакта активдешкен эмес. Бул көрүнүш окумуштуулардын арасында бир топ талаш-тартыштарды пайда кылган. Тектоникалык процесстерди изилдөө үчүн төмөнкү ыкмалар колдонулган.
Тарыхый геол.- байыркы деңиз жээктеринин басырылышын же көтөрүлүшүн, курулуштарды суу капташын же суунун тартылышын изилдөө; т е к т о н. жана г е о м о рф о л. - өзөн, суу тармактарына жана жер бетинин өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү; г е о ф и з. - сейсмдик, электрометрлик анализдер; т а р ыхый-археол. - көмүлүп же суу астында калган археологиялык эстеликтерди изилдөө менен тектоникалык кыймылдын багытын, ылдамдыгын тактоо; биогеогр. - өсүмдүктөр менен жаныбарлардын айрым түрлөрүн же комплексин изилдөө. Азыркы тектоникалык процесстер так приборлордун (кайталап нивелирлөө, триангуляция), математикалык эсептөөлөрдүн жардамы менен изилденет. Жер бетинин тектоникалык картасы түзүлөт. Н-лык изилдөөлөр инженердик, гидротех. (плотина, порт ж. б.) курулуштарды долбоорлоодо, эл чарбасын суу менен камсыз кылууда, нефть-газ түтүктөрүн жүргүзүүдө, нефть, газ кендерин, чачынды элементтерди чалгындоодо, жер титирөөнү алдын-ала билүүдө зор мааниге ээ.
Ад.: Шульц С. С. Анализ новейшей тектоники и рельеф Тянь-Шаня. М., 1948; Николаев Н. И. Новейшая тектоника СССР. М.; Л., 1949; Современные движения земной коры. М., 1973; Чувардинский В. Г. Букварь неотектоники. Новый взгляд на ледниковый период. Апатиты, 2008. К. Сагындыков.