НЕОН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕОН (латынча Neon), Ме - элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык элемент; инерттүү газдарга кирет. К. н. 10, атомдук массасы 20,183. Атм-радагы Н. 3 туруктуу изотоптон 20Ме, 21Ме жана 20Ме турат. 1898-ж. англ. илимпоздор У. Рамзай менен Н. М. Травер ачкан. Н. жер атм-сында массасы боюнча 4,6-10"4%ти түзөт. Кадимки шартта түссүз, жытсыз, бир атомдуу газ. Кайноо 1 246°С; Суюк Н-дун тыгызд. 1,205 г/см?. Кадимки шартта реакцияга кирбейт. Н. абадан алынат. Электр-техникада лампаларды толтурууда, жарнама жана сигналдык жарык берүүчү (неон кызыл түс берет) электр приборлорунда, вакуум техникасында колдонулат.