НЕОЛОГИЗМДЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕОЛОГИЗМДЕР (нео... жана грекче 16еоз - сөз) - 1) коомдук турмуштагы ар кандай зарылчылыктан улам пайда болгон жаңы сөздөр. Алар жалпы тилдик жана автордук (жеке стилдик) деп бөлүнөт. Жалпы тилдик Н. жаңы чыккан затты же көрүнүштү атоо зарылчылыгына байланыштуу пайда болот (мисалы, мониторинг, инновация, сайт ж. б.) да, тилде толук өздөштүрүлгөн соң Н. болуудан калат. Автордук Н. көбүнчө стилдик максатта чыгарылып, контексттен сырткары дээрлик колдонулбайт жана анча кеңири тарала албайт. Н. тилде өнүмдүү моделдер боюнча же мурдатан бар үлгүгө салынып да жасалат: баттама - вклейка (бас+ма=басма, жаз+ма= =жазма), тааным - познание (ал+ым=алым, бер+ым=берим); 2) к ө р к ө м адабиятта-Н. адабий тилди байытуучу, өркүндөтүүчү булактардан болуп эсептелет. Ошондуктан жазуучулар чыгармаларында Н-ди кеңири колдонушат. Н. сөздөр көркөм адабиятта каармандардын интеллектуалдык деңгээлин, кесибин, жекече мүнөзүн ачып берүү менен жазуучунун тил маданиятын байытат. Н. жаңы түшүнүктөр, туюнтмалар аркылуу гана эмес, эски сөздөрдүн жаңы мааниге ээ болуусунун негизинде да курулушу мүмкүн. Мисалы, «борбор» деген сөз мурда кыргыз элинин улуттук оюну болгон ордонун дал ортосуна коюлган тыйын турган жерге карата айтылчу. Кийин бул сөз «борбор шаар» деп жаңы мааниге өттү. Ар мезгилдин өзүнүн Н. сөздөрү бар. Азыр экономикага, компьютерге, техникага, саясатка байланыштуу көп жаңы сөздөр тилибизге улам-улам кирип жатат. Н. кыргыз тилинде жазылган илимий эмгектерде, монографияларда арбын учурайт. Жаңы илимий түшүнүктөрдү, туюнтмаларды, аныктамаларды берүүдө Н-ди колдонуу зарыл.