НЕОГЕН МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕОГЕН МЕЗГИЛИ (СИСТЕМАСЫ), н е о г е н (нео... жана грекче £е'пов - пайда болуу, жаш) - кайнозой заманындагы экинчи мезгил. Жердин геол. тарыхында антропоген мезгилинен мурун пайда болгон мезгил жана тоо тектер. Мезгилдин узактыгы 23 миллион жылга созулат. Бул жыл радиология ыкмасы менен аныкталган. Н. м. (с.) өз ичинен миоцен, плиоцен деген 2 бөлүмдөн турат (к. таблица). Система (мезгил) 1833-ж. англ. геолог Ч. Лайель тарабынан Италиянын аймагында бөлүнгөн. Аны 1853-ж. австр. геолог М. Гёрнес Н. м. (с.) деп атаган. 1882-1917-ж. орус окумуштуулары Н. И. Андрусов, В. П. Колесников ж. б. тарабынан толук изилденген. Палеоген мезгилинин аягында Түндүк Европа менен Түндүк-Батыш Азиядагы альп бүктөлүү аймагындагы зоналарда тоо пайда болуу процесси күч алат. Альп, Карпат, Балкан, Апеннин, Кавказ, Крым, Гималай ж. б. тоолор бийик көтөрүлөт. Тоо арасындагы ойдуңдарга талкаланган тектер толот. Тектоникалык кыймылдардан чөкмө тектердин калың катмарлары ийилип бүктөлөт.
Гранит интрузиясы менен терең жарылуулардан лава сызылып чыгып, жер бетин каптайт. Кара деңиз, Каспий, Адрия, Мрамор деңиздери терең басырылат. Тынч океандын жээктери көтөрүлүп, Кордильера, Анд, Камчатка, Филиппин, Жаңы
Неоген системасынын стратиграфиялык схемасы
Жалпы шкала | Радиометр | Ярустар жана горизонттор | ||
бөлүм | бөлүмчө | |||
менен аныкталган жашы, миллион жыл | Борбордук Европа | Кара деңиз - Каспий аймагы | ||
Плиоцен | Үстүнкү К,3 | 2-6 | Румын | Акчагыл |
Ортонку ч22 | Дакий | Киммерий | ||
Астынкы м2х | 6-7 | Понт | Понт | |
Миоцен | Үстүнкү N1’ | 7-12 | Паннон Сармат | Мэотис Сармат |
Ортонку Ч,2 | 12-19,5 | Бадений Карпатий Оттангий | Конка Караган - Чокрак Тархан Коцахур | |
Астынкы М(* | 19,5-25 | Эгенбург Эгерий | Сахараул Алкун | |
Гвинея, Жаңы Зеландия, Алтай, Саян, Становой, Урал, Атлас, Аппалачи тоолору орун алат. Африка менен Азия терең жарылат. Байкал, Ангара, Африка рифтери, Кызыл деңиз пайда болот. Жанартоолор күчтүү атылып, жер солкулдайт. Кум, кумдук, мергель, органикалык акиташ теги, конгломерат, көмүрдүү тектер чөкмөгө айланат. Кургакчылык өкүм сүргөн аймактарда гипс, туз калың катмарга айланат. Мезгилдин аягында Түндүк жарым шарды муз каптайт. Азыркы кездеги рельеф келип чыгат. Органикалык дүйнө, климаттык шарт азыркыдай абалга келет. Мезгилдин башталышында Түндүк жарым шардын климаты жылуу жана нымдуу келип, Сибирди жазы жалбырактуу токой каптайт. Батыш Европада пальма, лавр өсөт. Мезгилдин аягында Сибирь ийне жалбырактуу токойго айланат. Тропиктик өсүмдүктөр Жер ортолук деңизинин айланасында
сакталат. Неогендин башында жаныбарлардын жаңы түрлөрү келип чыгат. Мезгилдин орто ченинде Европа, Азия, Түндүк Америка Беринг кысыгы аркылуу байланышат. Натыйжада жаныбарлар бири-бирине өтүп кетет. Деңизде моллюскалар, фораминифералар, острокодалар үстөмдүк кылат. Неогенде нефть (Азербайжан, Түркмөнстан, Түндүк Кавказ, Сахалин, Румыния, Ирак, Иран, Сауд Арабиясы, Бирма, Калифорния, Мексика, Колумбия, Аргентина), күйүүчү газ, күрөң көмүр, туз, гипс, тоолордо жез, мышьяк, коргошун, цинк, сурьма, молибден, вольфрам, висмут, сымап кендери калыптанат. Плиоценде чөкмө түрдө пайда болгон ири темир кени (Керчь ж. а.), боксит (Ямайка, Гайана, Гвинея ж. б.) кездешет. Кыргызстандын аймагында Н. м-нде пайда болгон тектерге Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Фергана, Талас, Жумгал, Кочкор, Кетмен-Төбө ж. б. ойдуңдардагы чопо, кумдук, гравелит, конгломерат, паттум кирет.
Ад.: Андрусов Н. И. Избр. труды. Т. 1-4. М., 1961- 65; Гладенков Ю. Б. Неоген Камчатки. М., 1972.
Ч. Иманалиев.