НЕНЁЦ АВТОНОМИЯ ОКРУГУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕНЁЦ АВТОНОМИЯ ОКРУГУ - РФтеги субъект. Архангел обл-нун курамында. 1929-ж.

15-июлда уюшулган (1977-ж. чейин Ненец улут­тук округу). Россиянын Европа бөлүгунүн эң четки түндүк-батышында жайгашкан. Ал Ак, Ба­ренц жана Кара (Карск) деңиздери менен чулганат. Округдун курамына Колгуев жана Вайгач а. да кирет. Аянты 176,7 миң км2. Калкы 2,0 миң (2009); негизинен орустар (5,0%) басымдуу, ошондой эле ненец, коми ж. б. улут өкүлдөру да жа­шайт. Калкынын орт. жыштыгы бир кж2ге 0,26 киши. Динге ишенгендердин көбү православный­лар, ошондой эле протестанттар да бар. Ненецтер салт болуп калган православие динин тутат. Администрациялык борбору - Нарьян-Мар. Шаар калкы 63,4%. Администрациялык-аймактык жактан бир шаарга, 2 шаарчага бөлү­нөт. Түндүк-Батыш федерация округуна кирет. Ре­льефинде Тиман токол тоосу жана Пай-Хой к. тоо­су (бийикт. 467 м) өзгөчөлөнүп турат, Чоң жана Кичи Жер тундралары бар. Климаты катаал. Январдын орт. температурасы түштүк-батышында - 12°С, түн-чыгышында -22°С, июлдуку түндү­гундө 6°С, түштугүндө 13°С. Жылдык жаан-ча­чыны 350 мм. Көп жылдык тоң жатат. Түндүк бө­лүгүн тундра, туштугун токойлуу тундра ээлейт. Чымдак-глей топурактуу. Кыска дарыялары жана майда көлдөрү көп. Негизги суусу - Печора д. (кеме жүрөт). Тундра өсүмдүктөрү өсөт. Ре­гиондун дүң продукциясы 12605,9 миллион рублди түзөт. Андагы ө. ж-дын үлүшү 65,8%, а. ч-ныкы 1,2. Негизги тармагы отун ө. ж. Ири ишкана­лары: «Полярное Сияние», «Нарьян-Марнефть­газ» ЖЧК, «Тотал РазведкаРазработкаРоссия», «Печорский рыбокомбинат», «Мясопродукты» ААКтары. Чарбасынын башкы тармактары - бугучулук, балык кармоо, аңчылык жана деңиз айбанаттарын-асыроо. Айбанаттарды капаста багуу (көгүлтүр түлкү, калтар, суу күзөн) өнүк­көн. Тамак-аш (балык беленделет, сүт, эт кон­сервалары), тактай тилүү ө. ж. ишканалары иш­тейт. Картөшкө, турнепс айдалат. Жылытма­ларда жашылчалар өстүрүлөт. Автомобиль жо­лунун уз. 214,2 км (анын ичинде 58,5 кмп асфальттал­ган), суу жолунуку 240 км. Васильков - Нарьян­Мар газ кууру курулган. Деңиз порттору: На­рьян-Мар, Амдерма. Жалпы билим берүүчү 40 окуу жайы, 3 мектепке чейинки мекемелери жана аэропорту бар. Үч музей уюштурулган.

Р. Карачалова.