НЁМЦЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЁМЦЕВ Иван Спиридонович (24. 5. 1923, азыр­кы Чүй обл., Кемин р-ну, Кемин ш. - 13. 12. 1997, Бишкек) - Советтик Союз Баатыры (1943). За­пастагы подполковник (1968-жылдан). Ригада­гы аскер-саясий окуу жа­йын (1945), Атуу курсун (1961) бүткөн. 1942-жылдан Советтик армияда, Улуу Ата Ме­кендик согушта (1941-45) 548-пулемётчулар взводунун (Талаа фронту, 53-армия, 116-аткычтар дивизиясы) командири. 1943-ж. жайын­да Белгороддун жанындагы салгылашка катышкан. 1943-ж. 3-4-августта Нел­хаев кыш-нын аймагында душман коргонуусун бузууда Н. душмандын ок атуучу жети точка­сын жана бир взводго жакын жөө аскерин, «Аты жок» бийиктик үчүн салгылашта душмандын 25 солдатын жок кылып, жетөөнү туткунга ал­ган жана өзү башынан жана колунан жараланган. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ор­дендери менен сыйланган. Кемин ш-нын бир көчө­сүнө ысмы ыйгарылган.