НЕМАТОДОЗДОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕМАТОДОЗДОР - өсүмдүк, мал жана адамдын мите нематодалар (жумуру курттар) пайда кылуучу гельминтоздорунун (аскаридоз, амидостомоз, диктиокаулёз, метастронгилёз, мюллериоз, оксиуроз, параскаридоз ж. б.) жалпы аты. Курттун уз. 1 жладен 1 лгге чейин, жип сымал же түрүлгөн формада, айрым жыныстуу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу жана нерв системалары бар. Мите адамдын ткандарында жана органдарында (ичеги-карын, булчуң, дем алуу органдары, боор, бөйрөк ж. б.) мителейт. Н. геонематоздор жана бионематоздор болуп бөлүнөт. Геонематоздун козгогучу сырткы чөйрөдө (топурак, суу, буюм) көбөйөт, ал эми бионематоздун козгогучу ээсин алмаштыруу менен өрчүйт. Н. адамга суу, тамакаш аркылуу жугат. Н. малдын чоңоюшун кечиктирет, продукттуулугун төмөндөтүп, өлүмгө дуушар кылат. Алдын алууда короо-жайды таза кармоо, баалуу тоют жана суу менен камсыз кылуу, гельминтсиздендирүү иштерин өз убагында жүргүзүү, жайытты алмаштырып туруу ж. б. иштердин мааниси чоң. Дарылоодо гельминттерге каршы дарылар колдонулат. Н. менен өсүмдүктөр да жабыркайт. Илдетке чалдыккан өсүмдүктүн үрөнү кечигип чыгат, өсүмдүктүн сабагы жооноюп, жалбырагы кичиреет. Өсүмдүк жакшы бүрдөбөй, соолуйт жана түшүм бербейт, акыры куурап калат. Каршы күрөшүү үчүн өсүмдүк үрөнүн дарылоо, топуракка нематоцид чачуу керек.