НЕМАТОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕМАТОВ Нематжан (14. 3. 1941, Ош - 29. 4. 1996, ошол эле жер) - артист, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1967), Кыргыз ССР эл арт. (1980). Эмгек жолун 1957-ж. С. Киров атындагы Ош өзбек музыкалык драма

театрынын сахнасында иштөөдөн баштаган. 1970-ж. Н. Островский атындагы Ташкент театр институтун бүткөн. Аткарган ролдору: Бочкарев (Н. Гоголь, «Үйлөнүү»), Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Дөөтбай (Ч. Айтматов, «Биринчи мугалим») ж. б. Режиссёр катары М. Мирзарахимовдун «Мени бала көрбөгүлө», А. Абдугафуровдун «Тапкыч талмас», «Гипнос-2» ж. б. спектаклдерди коюуга катышкан. «Каныбек» кинотасмасына тартылып, Зуннахундун ролун ойногон. Бабур атындагы Ош өзбек музыкалык драма театрынын директору болгон. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.