НЕКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕКТАР (грекче nektar — кудай ичимдиги) — гүлдүү өсүмдүктөрдүн нектарниктери (балдуу безчеле­ри) бөлүп чыгарган таттуу шире. Н-дын кура­мы спирттердин бир аз аралашмасы бар кант­тын суу эритмеси, азоттуу жана ароматтуу зат­тар, кислоталар, ферменттерден турат. Ар кандай өсүмдүктөр гүлдөө мезгилинде түрдүү өлчөмдө Н. бөлүп чыгарат. Н. курт-кумурска жана куш­тарды өзүнө тартып, алар өсүмдүктөрдү кайчы-

лаш чаңдаштырат. Ал аары балынын негизги бөлүгүн түзөт жана чымын-чиркейлердин азыгы.