НЕКРОПОЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕКРОПОЛЬ (грекче nekros - өлүк жана polis - шаар) - 1) байыркы дүйнөдөгү көрүстөндөрдүн аталышы. Н. - өтө баалуу археол. эстелик. Аларды изилдөө аркылуу байыркы адамдардын диний ишенимин, чарбасын, коомдук катнаш­тарын, өлгөн адамдын расалык тегин, өлүк коюу салттарын, мүрзө курулуштарынын түрлөрүн (күмбөз, пирамида, мавзолей ж. б.) аныктоого болот; 2) белгилүү адамдар коюлуучу учурдагы айрым көрүстөндөрдүн аталышы. Мисалы, Россияда Новодевичье көрүстөнү, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнү ж. б.