НЕЙТРОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕЙТРОН (англ. neutron, латынча neuter - тиги да, бу да эмес) - электр зарядсыз, спини 1/2, масса­сы протондун массасынан бир аз чоң элемен­тардык бөлүкчө (п). Н. эркин абалда туруксуз жана 16 мин гана өзүнчө боло алат, оң заряддуу протон менен бирдикте атомдун ядросун түзөт. Н. 1932-ж. англ. физик Ж. Чедвик тарабынан ачылган. Бул ачылышты 1939-ж. немис оку­муштуулары В. Боте жана Г. Бекер жүргүзгөн тажрыйбаларында байкашкан. Жогорку энер­гиядагы р-бөлүкчөлөрдүн агымы менен бериллийди ж. б. жеңил элементтерди аткылоодо протонго салыштырганда өтө күчтүү нурлануу алынган. Н-дун тынч абалдагы массасы тп»1,675-10"27 кг энергиясы Еп»93,95731 МэВ. Алынган Н-дун массасы 1,23‘10"13 см болгон радиустагы өтө ки­чине сферанын көлөмүнө топтолгон. Стабилдүү атом ядросунун курамында болгондо гана Н. туруктуу болот. Ал эми эркин Н. протон, элек­трон (е-1) жана электрондук антинейтриного ( че) ажырап кетүүчү, туруксуз бөлүкчө: п—>р+ ё+ чем Н. ядролор тарабынан жутулуп кеткендиктен, заттардын курамында аз кездешет. Ошондуктан эркин Н. жаратылышта өз алдынча болот же лабор-да ядролук реакцияда алынат. Өз учурун­да эркин Н. ядролор менен аракеттенишүүгө жөн­дөмдүү. Ал өзүн жоготуу менен оор ядролорду бөлүүдө өтө маанилүү тигил же бул ядролук реакцияларды пайда кылат. Н. ядролук физи­каны жана катуу заттардын физикасын изилдөөдө негизги курал болуп саналат. Н-дун салыштыр­малуу ажыроо мезгили болжол менен 15,3 мин. Зат чоң жыштыкта болгондо, мисалы, атом ядро­сунун ичинде жана Н-дук жылдыздарда Н. ту­руктуу абалда болот. Н. элементардык бөлүк­чөлөр катышкан бардык белгилүү фундаментал­дык өз ара аракеттенишүүлөргө катышат. Түрдүү заттарда Н-дор пайда кылган реакцияларды карап, жалаң гана Н-дордун санын эмес, алар­дын энергиясын аныктоого болот. Н. физикасы боюнча изилдөөлөр ядро реакторлорун жана атом электр станцияларын курууга алып келди.