НЕЙТРИНО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕЙТРИНО (итал. neutrino - нейтрондон ки­чине) - тынч абалда массасы электрон массасы­нан өтө кичине, магниттик моменти дээрлик жок, спини 1/2 ге барабар болгон электр нейт­ралдуу элементардык бөлүкчө (у). Н. лептондор­го, ал эми статистикалык касиети боюнча фер­миондор классына таандык. Н-нун электрондук (уе), мюондук (үга) жана таулептондук (V/ деп атал­ган үч түрү бар, ошондой эле буларга ылайык анти­бөлүкчөлөрү белгилүү. Н. массага да, зарядга да ээ эмес жана жарык ылдамдыгындай кыймыл­дайт. Швейцариялык физик В. Паули 1930-ж. бета-ажыроо процессиндеги энергия жана' им­пульстун сакталуу законунун бузулушун түшүн­дүрүүдө Н-ну илимге сунуш кылган. Н-нун реал­дуулугун америкалык физик Ж. Аллен 1942-ж. экспе­риментте далилдеген.