НЕЙРОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕЙРОН (грекче neuron - нерв), нерв клетка­с ы - нерв системасынын структуралык жана функциялык негизин түзүүчү бөлүкчө. Н. рецеп­торлордон келген сигналдарды кабыл алып, аларды нерв импульсу аркылуу органдардагы нерв учтарына жеткирет. Н-дун башка клетка сыяктуу эле ядросу жана цитоплазмасы бар. Анын цитоплазма талчасынын бири башка­лардан узун келип, а к с о н деп аталат. Аксон Н-дун денесинен нерв импульстарын четки эф­ферент нерв учтарына берет. Н-дун денесинен бир же бир нече бутакташкан кыска талчалар тарайт. Алар дендритте. р деп аталат. Булар аркылуу дүүлүгүү (козголуу) Н-дун дене­сине келет. Н-дун формасы жана талчаларынын саны ар түрдүү. Алар чогулуп, мээ менен жүлүндүн боз затын, ал эми аксондору (узун талчалары) мээнин ак затын түзөт. Н-дордун бири-бири менен байланышы с и н а п с деп аталат. Н. аткар­ган кызматына жараша сезгич, сырткы жана ички чөйрөдөн сигналдарды кабыл алуучу жана нерв импульстарын органдарга берүүчү (кыймылдат­кыч) болуп айырмаланат. Булар чогулуп, реф­лекс догосун түзөт. Айрым Н. нейрогормондор­ду бөлүп чыгарат.