НЁЙИ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1919: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЁЙИ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1919) 1- дүйнөлүк согушта (1914-18), Болгария жана жеңишке ээ болгон өлкөлөрдүн (АКШ, Улуу
Британия, Франция, Италия, Япония, Грекия ж. б.) ортосунда 1919-ж. 27-ноябрда Парижге жакын жердеги Нёйи-сюр-Сенде түзүлгөн. Н. т. к. боюнча Болгария маанилүү аймактарынан ажырап, анын Цариброд, Босилеград жана Струмица ш. жана төрт район Серб, Хорват жана Словен королдугуна берилген. Бухарест тынчтык келишиминде (1913) белгиленген Румыниянын чеги аныкталып, Түштүк Добружа Румынияга өтүп, 1940-ж. Болгарияга кайтарылган. Эгей деңизине чыгуучу Батыш Фракияны жеңген өлкөлөр ээлеп алып, 1920-ж. Грекияга берген. Болгария 2,25 миллиард алтын франк репарация төлөгөн. Болгария армиясынын саны чектелип, чарбасы жана финансы иштери Улуу Британия, Франция жана Италия мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн турган комиссиянын көзөмөлүнө өткөн. Н. т. к. 2-дүйнөлүк согуштан кийин күчүн жоготкон.