НЕАПОЛЬ (шаар): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НЕАПОЛЬ - Түштүк

Италиядагы шаар. Тиррен деңизинин Неаполь булуңунун жээгинде, Везувий жанартоосунун этегинде жайгашкан. Кампания обл-нун жана Неаполь провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 1,0 миллион (2010). Эл аралык аэропорту бар. Мет­рополитен иштейт. Порт (жылына 10 миллион гдан ашык жүк ташылат). Өлкөнүн түштүгүндөгү маанилүү экономикалык жана маданий борбор. Нефть ажы­ратуу, нефть-химиялык, металлургия, машинакуруу (анын ичинде кеме куруу, электр-техникалык), жеңил, тамак­аш (ири макарон фабрикалары), кагаз ө. ж. ишка­налары иштейт. Университет (1224), музейлер (анын ичинде Ев­ропадагы эң ири археол., Сан-Мартино, улут­тук ж. б.), Каподимонте сүрөт гал., «Сан-Кар­ло» опера театры (18-к.), консерватория (1806) бар. Мурда Грекиянын ээлиги болгон. Биздин заманга чейинки 327-26-ж. Рим жеңип алган, биздин замандын 5-6-к-нда Ви­зантия бийлигинин астында, 13-к-дын 2-жары­мынан Сицилия королдугунун, 1282-1442-, 1501-04-, 1806-15-ж. Неаполитан королдугунун, 1815-60-ж. эки королдуктун тең борбору бол­гон. Соңку христиан катакомбалары, Сан-Жо­ванни баптиетерийи (5-к.), Кастель дель Ово (12-к.) жана Кастель Нуово (13-15-к.) сепилдери, көптөгөн готика, ренессанс жана барокко сти­линдеги чиркөөлөр, ак сарайлар, Чертоза ге Сан­Мартино кечилканасы (14-17-к.), Н-дан түштүк- чыгышта байыркы Помпей ш-нын калдык­тары сакталган. Н. эл аралык туризмдин бор­бору.