НАТРИЙ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАТРИЙ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ - курамында натрий бар жер семирткичтер. Бардык өсүмдүк­түн курамында 0,001ден 3-4% ке чейин натрий

болот. Бирок, анын өсүмдүк тиричилигиндеги мааниси толугу менен ачыла элек. Өзгөчө шор топуракта өскөн өсүмдүктөр - галофиттер нат­рийге бай келет. Н. ж. с. кээ бир а. ч. өсүмдүк­төрүнүн түшүмүн жана сапатын жогорулатат. Аларга кант, тоют жана аш кызылчалары, тур­непс, капуста кирет. Н. ж. с. катары чийки же аралаш калий туздары, мисалы, сильвинит (кура­мында 39% На2О бар), каинит (35% На2О), 30 жана 40%түү калий тузу (20 жана 30% Ма2О), нат­рий селитрасы жана кайнатма туз колдонулат.