НАСТИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАСТИЯ (грекче nastos - ныкталган) - өсүмдүктүн жалбырагы, гүл желекчеси ж. б. органдарынын сырткы чөйрөнүн ар кандай шарттарынын (ным, температура, жарык ж. б.) таасиринен болгон кыймылы. Н. өсүмдүк органынын жогорку жана төмөнкү жагындагы клеткалардын бирдей өспөгөндүгүнөн же ал клеткаларда тургордун бирдей эмес өзгөрүшүнөн болот. Жалбырактын күнгө караган жагы тез өскөн кезде жерди көздөй ийилиши эпинастия, ал эми бул процесс тескерисинче жүрсө гипонастия деп аталат. Жалбырактын түн ичинде тик кыймылы (альбиция, уй беде, соя), гүл коргондордун күн менен түндүн алмашуусуна байланыштуу ачылып, жабылышы, курт-кумурскалар менен азыктануучу өсүмдүктөрдүн жалбырактарынын кыймылы да тургордук Н-га баш иет. Өтө тез Н-лык кыймылдар - сейсмонастиялар Н-нын өзгөчө бир категориясын түзөт, анткени алар жер титирегенде же бир аз таасирде эле болот. Себеби бул өсүмдүктөрдүн организминде клетка мембраналарынын өткөргүчтүгү тез жогорулайт, осмос;
тук активдүү заттарды жана сууну кармоо күчү басаңдап, тургор өтө тез (көз ачып-жумганча) түшөт. Мындай механизмге мимоза жана кээ бир башка өсүмдүктөрдүн (чанактуулар, ышкын) жалбырактарынын тез жабылышы мисал боло алат. Н. механизминде фитогормондор (ауксиндер, этилен, абцис кислотасы) белгилүү роль ойнойт. Демек өсүмдүктөргө таасир эткен факторлорго жараша фото-, гидро-, хемо-, сейсмо-, никти-, травмажана электронастия болуп айырмаланат. Н-лык кыймыл өсүмдүк органын жабыркоодон сактоо (гүлдүн, үттөрдүн жабылышы, жалбырактын ийилиши) жана бир нерсени кармоо (мурутчаларынын жана без түтүкчөлөрүнүн кыймылы) кызматын аткарат.