НАСРЕДДИН ХАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАСРЕДДИН ХАН Мухаммед Наср ад-Дин хан (т. ж. белгисиз - 1882) - Кокон хандыгынын ханы (1875-76); Кудаяр хандын тун уулу. Ку­даяр ханга каршы көтөрүлүш (к. Кокон көтөру­луштөру) күч алганда 5 мин аскери менен Н. х. аларга кошулуп кеткен (1875). Ош жана Наман­ган ш-нын тургундары да көтөрүлүштү колдоп, 20-июлда Маргалан ш. согушсуз багынган. Көтөрүлүшчүлөр Кокон ш-на жеткенде (22- июль), Кудаяр хан 8 миң аскер, 68 пушка, орус элчиси Вейнберг жана генерал М. Д. Скобелев жетектеген 22 казак-орустун коргоосу менен шаар­дан чыгып, Кожентке качкан. Ошол эле күнү Н. хан деп жарыяланып, Ак-Мечиттен Пишпек­ке чейинки аймак кайрадан Кокон хандыгынын карамагына өттү деген жарлык чыгарган. 23- июлда молдо Исак орустарга каршы газават жа­рыялаган жана Абдырахман жетектеген кокон­дуктардын 50 миң аскери (теңинен көбү кыр­гыздар) 8-августта Кожентти курчоого алган. 22- августта Макрам чебине жакын жерде чечкиндүү салгылашуу өтүп, мыкты куралданган, турук­туу орус аскерине туруштук бере албаган кокон­дуктар жеңилип калган. Бир топ шаарлардан (Ош, Анжиян ж. б.) ажырагандан кийин 23- сентябрда Н. х. Кауфман сунуш кылган тынч­тык келишимине кол коюуга аргасыз болгон. Ал боюнча Кокон хандыгы Россия империясынан башка бир да мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзө албай калган жана Сыр-Дарыянын оң жээги Түрк­стан генерал-губернаторлугунун карамагына өтүп, М. Д. Скобелевдин жетекчилигинде Наман­ган бөлүмү түзүлгөн. Бирок октябрь айынын ба­шында Кокондо кайрадан көтөрүлүш башталып, эми орус аскеринин коргоосу алдында Н. х. Ко­жентке качкан. 1876-ж. январда фон Кауфман Петербургга шашылыш чакырылып, Александр Пнин буйругуна ылайык Кокон хандыгын Рос­сия империясынын карамагына киргизүү масе­леси каралган. 1876-ж. 19-февралда Россия им­периясына карагандыгына байланыштуу Кокон хандыгы жоюлуп, ордуна Түркстан крайына ка­раштуу Фергана обл-нун түзүлүшү жөнүндө буйрук жарыяланган. Бийликтен четтетилген Н. х-га падыша тарабынан пенсия чектелген.