НАСЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАСЕР Гамаль Абдель, Гамаль Абд ан Н а с и р (15. 1. 1918, Египет, Асьют провинциясы, Бени-Мур ш. - 28. 9. 1970, Каир) - Египеттин мамлекеттик жана саясий ишмери, 1939-ж. Каир аскер окуу жайын (1939), Генералдык штабдын аскер коллежин (1942) бүткөн. Египет жана Судан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. 1948- 49-ж-дагы Араб-Израиль согушуна катышкан. 1949- 52-ж. подполковник наа-

мында Египет генералдык штабынын аскер коллежинде мугалим. 1949-ж. «Эркин офицерлер» жашыруун саясий уюмунун негиздеп жана жетектеп, 1952-ж. 23-июлда мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырган. 1953-ж. премьер-министрдин орун басары, 1954-56-ж. премьер-министр, ошол эле убакта президенттин кызматын да кошо аткарган. 1956-жылдын июнь айынан Египеттин президенти. 1958-жылдан Бириккен Араб Респ-нын (Сирияны кошкондо) президенти. 1956-ж. Египетке каршы багытталган Англия-Франция-Израиль агрессиясына каршы көтөрүлгөн египет элинин күрөшүн жетектеген. 1956-жылдан Египет куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурган. Н. улуттук көз карандысыздык үчүн күрөшкөн араб элдеринин биримдигин катуу колдогон. 1963- жылдан Араб социалисттик союзунун (1964). төрагасы. Араб өлкөлөрүнө каршы уюштурулган Израиль агрессиясынын натыйжаларын жоюу үчүн 1968-ж. 30-мартта атайын Аракет программасын иштеп чыккан.