НАРЫН АКИ ТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАРЫН АКИ ТАШ КЕНИ Нарын р-нунда, На­рын ш-нан 3 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 2170-2200 м бийиктикте жайгашкан. 1955-ж. чалгындоо жүргүзүлүп, запасы аныкталган. Кен төмөнкү таш көмүр мезгилиндеги визе ярусунун акиташ тегинен түзүлгөн. Кендин түндүк-чыгыш жагында жаткан нык майда бүртүкчөлүү, мас­сивдүү, каралжын-боз аки таш теги пайдалуу катмар болуп эсептелет. Аки таш аз магнезийлүү 1-сорттогу аки алууга жарамдуу. 1 кг акиден 2,4 л эринди чыгат. Запасы А+В+С^ категория­сы боюнча 623 миң т.