НАРЫНБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРЫНБАЕВ Азиз Исажанович (24. 4. 1924- жылы туулган, Каракол) - философ, философия илимдеринин доктору (1970), проф. (1979). КР УИАнын корр. мүчөсү (1989). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1994). Улуу

Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1947-ж. Кыргыз педагогикалык институтун бүтүп, ошол эле окуу жайында окутуучу, 1952-57-ж. В. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунда окутуучу, кафедра башчысы, 1957-59-ж. Кыргыз мамлекеттик сырттан окуу педагогикалык институтунун ректору, 1959-68-ж. Кыргыз мамлекеттик
кыз-келиндер педагогикалык институтунда кафедранын, 1968- 77-ж. Кыргыз ССР УИАда сектордун, 1977-жылдан кафедранын башчысы. Илимий эмгектери негизинен улут маселесине арналган. 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 15 монография) автору. Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Эмг.: Махмуд Кашгари - классик средневековой общественной мысли. Б.. 1993.