НАРТ ЭПОСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАРТ ЭПОСУ - кавказ элдеринин монументал­дуу эпосу; өзүнчө бир ынтымакты түзгөн баа­тырлардын эрдиктери баяндалат. Н. э. абхаз, балкар, карачай, ингуш, чечендерде да айтылат. «Нарттар» термини өзүнчө баатырдык топту түз­гөн эпос каармандарынын жалпы атын туюн­дурат. Топтун башчысы сыйкырчы, акылман,

кеңешчи - Сатана (адыгэлерде жана абхаздарда - Сатаней), айрым варианттар боюнча Уархаг - эгиз­дер Хсар менен Хсартагдын атасы делет. Н. э-нун пайда болушу жөнүндө маалымат так эмес. Эпос­тун негизин биздин заманга чейинки 7-4-к-да скиф доорунда чык­кан байыркы алан эпикалык цикли түзөт. Эпо­пеянын улуттук варианты жергиликтүү фольклордон байыган. Анда негизинен матриархаттын кал­дыгы сакталган уруучулук коом турмушу көрсөтүлөт, кийинки коомдук формациялардын элементтери да камтылган. Тексти 19-к-дын ор­тосунан тартып кагазга түшүрүлө баштаган. Н. немис, англис, француз тилдерине которулган.