НАРК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАРК - товар чыгаруучулардын товарды өндүрүүгө жумшалган коомдук эмгеги. Ал өндүрүштө бир товарды башка бир товарга чегерип, айырбаштоо аркылуу туюнтулат. Айрым товардын Н. (жекече Н.) аны чыгарууга кеткен коомдук эмгек менен аныкталып, жумуш убакыты аркылуу өлчөнөт. Товардын коомдук Н-ы коомдук зарыл жумуш убакыты менен аныкталат. Н. товар баасынын негизин түзөт (к. Нарк закону). Жеке менчикке негизделген товар өндүрүшүндө Н. атаандаштык күрөштө чаржайыттуулук менен рыноктогу тең салмактуулук абалында аралаш (конвергенттик) түзүлсө, экономикада мамлекеттик тейлөө эске алынат.