НАНЬЧАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАНЬЧАН - Чыгыш Кытайдагы шаар. Ганьц­зян д-нын боюнда жайгашкан. Цзянси провин­циясынын администрациялык борбору. Калкы 2,1 миллион (2010;

агломерациясы менен 2,6 миллион). Поянху көл сис­темасындагы суу жолдор тоому. А. ч-луу район­дун ири борбору. Машина (аскерий буюмдар) жана станок куруу, трактор кураштыруучу, текс­тиль, жеңил (анын ичинде фарфор-карапа), тамак-аш, кагаз, химиялык ө. ж. ишканалары иштейт. Университет бар.