НАНКИН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАНКИН (кытайча Наньцзин)- Чыгыш Кытайдагы шаар. Цзянсу провинциясынын администрациялык борбору. Янцзыд-нын төмөнкү агымындагы порт (деңиз кемелери келет). Калкы 3,4 миллион (2010, шаар агломерациясы менен 4,4 миллион). Жолдор тоому. Көп тармактуу машина куруу, металлургия,
химиялык (жер семирткич, жасалма була), текстиль, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. ИАнын филиалы, университет, музейлер (анын ичинде тарых ж. б.), обсерватория, Кытай демократ-революционери Сунь-Ятсендин мавзолейи бар. Биздин заманга чейинки 5-к-дан ар түрдүү ат менен белгилүү болуп келген. 1368- 1421-ж. Кытайдын, 1853-68-ж. Көтөрүлүшкө чыккан тайпиндер ээлеп, алар жарыялаган Тайпин тяньго мамлекетинин борбору, (фарфор мунара ж. б. тарыхый эстеликтер талкаланган) 1927-37- жана 1946-49-ж. Кытай Респ-нын өкмөтү турган жай болгон. 1937-45-ж. япон аскерлери басып алган. Цисясы кечилканасындагы Шэлита таш пагодасы (10-к.), Лингусы кечилканасындагы «уляндянь» (кыштан салынган «устунсуз сепил») сакталган. Ботаникалык бак уюштурулган. Н. аймагынан темир, таш көмүр, пирит казылып алынат.
