НАНАЙЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАНАЙЛАР (эскиче аты - гольддор, өздөрүн нанай, нани деп аташат) - Россиядагы эл. РФтин Хабаров жана Приморье крайларында, ошондой эле Кытайда да жашашат. Жалпы саны 17 миң киши (2002). Нанай жана орус тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери православныйлар, бирок шамандык ырым-жырымдарын сактап калган.

Н-дын этностук негизин байыркы амур калкы жана түрк, тунгус тйлдүү ж. б. ата-бабалары түзгөн. Н. дубалы жыгачтан тургузулган үйлөрдө жашашып, балыкчылык, аңчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Итти унаа катары пайдаланышкан. Баалуу аң-терилерди кездемеге, унга, тарууга ж. б. алмашкан. Н. аңтерилерден даярдалган кийим кийишкен. Тамак-ашы - негизинен балык азыктары.