НАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАН - дандан даярдалуучу азык, токоч. Вуу­дай, арпа, жүгөрү, сулу унунан жуурулуп, бы­шырылат. Археол. маалыматтарга караганда

машактуу өсүмдүктөрдүн данын азык катары пайдалануу мындан 10-15 миң жыл мурда баш­талган. Бул доорлордо от да колдонулуп, дан­ды кууруп (бышырып) жешке шарт түзгөн. Ар кайсы элдин турмуш ыңгайына жараша Н. жа­соо өзгөчөлүктөрү бар. Кыргыздарда Н. бышы­рылышына, жасалышына карай дандыр Н., кө­мөч Н., жапкан Н., калама Н., токоч Н. ж. б.; унуна карай арпа Н., буудай Н., загара Н. ж. б. түрлөргө бөлүнөт.