НАМАНГАН ОБЛУСУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАМАНГАН ОБЛУСУ - Өзбекстандагы администрациялык бирдик. 1941-ж. 6-мартта уюшулган. Батышынан Ташкент (Камчик ашуусу аркылуу байланышат), түштүк-батышынан Хожент (Тажикстан), чыгышынан Анжиян, түштүгүнөн Фергана обл., түндүгүнөн Жалал-Абад обл. (Ала-Бука району) менен чектешет. Н. о. Фергана өрөөнүнүн түн,- чыгыш бөлүгүндө, Сыр-Дарыянын оң өйузүндө жайгашкан. Аянты 7,9 миң км2. Калкы 2,2 миллион (2011). Борбору - Наманган ш. Облустун курамында 11 администрациялык район, 8 шаар (Наманган, Касансай, Пап, Тура-Коргон, Үч-Коргон, Чартак, Чуст, Хакулабад), 12 шаарча бар. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. температурасы - 4°С, июлдуку 25°С. Жылдык жаан-чачыны 150 мжден (түздүктөрдө) 600 жлге (тоолордо) чейин. Негизги дарыясы - Сыр-Дарыя. Боз топурактуу. Эфемер жана шыбак-бетегелүү талаа өсүмдүктөрү өсөт. Сугат дыйканчылыгы (каналдары: Түндүк Фергана, Чоң Наманган) мүнөздүү. Бакчачылык, жүзүмчүлүк жибекчилик өнүккөн. Бут кийим, пахта тазалоо, текстиль ө. ж. бар. Автомобиль ремонттоочу цех, химиялык завод, электрмеханикалык ишканасы, кургатылган жемиш кагын даярдоо өндүрүшү иштейт. Ошондой эле негизги а. ч. продукциясы - шарап, пахта, жемиш жана жйбекчилик үчүн сырьё даярдоо. Элдик промысели (Чуст ш-нда улуттук өзбек канжары даярдалат) өнүккөн. Т. ж-нун уз. 140 км, автомобилдики 11,8 миң км (анын ичинде асфальтталганы 4 миң км). Дары баткак курорту (Чартак) иштейт.
Б. Амираева.