НАМАНГАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАМАНГАН - Өзбекстандагы шаар. Наманган вилоятынын администрациялык борбору. Фергана өрөөнүнүн түн-батышында, Чаткал жана Курама тоолору­нун этегинде жайгашкан. Республиканын бор­бору Ташкенттен 305 км. Калкы 428,0 миң (2010). Калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Т. ж. бекети. Өзбекстандын ири индустриялуу борбору. Жеңил (пахта тазалоочу ж. б.), тек­стиль (накта жибек атластары; өлкөдө

чыга­рылган кездеменин 15% и), тамак-аш (май, кон­серва, шарап чыгарылат, пиво кайнатылат) ө. ж. ишканалары, химиялык, трансформатор, машина ку­руу заводдору иштейт. Университет, 2 институт, 10 коллеж, театр, край таануу музейи ж. б. бар. 15-к-дын аягынан белгилүү.