НАМАЗ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАМАЗ - ислам дининин парздарынын (түркүктөрүнүн) бири (милдеттүү түрдө 5 маал окулчу дуба), адам баласын Алла Таалага жакындатуучу ибадат. Араб өлкөлөрүндө салят. сөзү, Түркияда, Иранда жана КМШ өлкөлөрүндө түрк сөзү - намаз колдон-улат. Н. окуу менен мусулмандар Алладан күнөөлөрүн кечирүүсүн, туура жолго салуусун, жардам жана жамандыктан сактоосун суранышат. Мусулмандар жума Н-ды мечитте жамаат менен окушат. Эркектер Н-ды мечитте, аялдар жана балдар үйдө окушат. Н. окуурдун алдында азан айтылат. Н. белгилүү бир убакыттарда окулат: 1) таң атканда - таң агаргандан күн чыкканга чейин окулчу намаз - багымдат («салят ас-субх»); 2) түштө - чак түштөн кийин, көлөкө жерге түшкөнгө чейин окулчу бешим («салят аз-зухр»); 3) түштөн кийин - өзүнүн көлөкөсү түшкөндөн күн батканга чейин окулчу дигер («салят аль-аср»); 4) кечинде - күн баткандан түн киргенге чейин окулчу шам («салят аль-магриб»); 5) түн киргенде - түн киргенден таң атканча окулчу куптан («салят аль-инша»), Куранга ылайык, Н-ды чак түштө, күн чыгып келатканда жана батып баратканда окуганга болбойт. Н-дын милдеттүү түрдө аткарылчу шарттары: 1) даарат же гусул алуу; 2) намаз окулчу жердин таза болушу; 3) кыбыла - адам намазды окуурдун алдында жүзүн кыбылага каратып турушу керек; 4) намазды чын дилинен окуу (каалоо); 5) кийимдин таза болушу.