НАЛЬЧИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАЛЬЧИК - Кабарда-Балкар Респ-нын администрациялык борбору. Россиядагы шаар (1921-жылдан). Нальчик д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 240,8 миң (2010). Машина куруу жана металл иш­тетүү (ири ишканалары: «Машина куруу заво­ду», «Терекалмаз» ААК, «Кавказкабель» ЖАК, «Телемеханика»; заводдору: электр-вакуум, ста­нок куруу ж. б.), түстүү металлургия, химиялык, та­мак-аш-татымал (кондитер азыктары, спирт ичимдиктери, алкоголсуз суусундуктар, жашыл­ча-жемиш консервалары), жеңил ө. ж. ишкана­лары иштейт. Үч ЖОЖ (анын ичинде Кабарда-Балкар университети), а. ч. академиясы, музыкалык окуу жайы, кон­серватория коллеждер, 2 театр, музейлер (анын ичинде край таануу, сүрөт) бар. Бальнеол. жана тоо кли­маттык курорт. Түндүк Кавказдагы туризм жана альпинизмдин ббрборлорунун бири. 1817-ж. негизделген.