НАЛИВКИН Дмитрий Васильевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАЛЙВКИН Дмитрий Васильевич [13 (25). 8. 1889, Петербург - 3. 3. 1982, ошол эле жер] - геолог жана палеонтолог, СССР ИАнын академи­ги (1946; корреспондент мүчө, 1933), Түркмөн ССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1951), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1963). Пет­рограддагы

Тоо-кен иң-тун бүткөн (1915), 1920-жылдан анда проф. 1907-жылдан Геолкомдо (Бүткүл союздук геол. ИИИ) иштеген. 1946- 51-ж. СССР ИАнын Түркмөн филиалынын Президиумун­да төрага, 1946-52-ж. СССР ИАнын Көл таануу лабор­нын директору, 1954-жыл­дан Стратиграфия комитетинин төрагасы. Негизги илимий эмгектери Урал, Орто Азия жана Чыгыш Евро­па платформасындагы палеозойдун страти­графиясы, палеонтологиясы, палеогеографиясы менен кен байлыктарына арналган. О. Азиянын аймагын түндүк, Борбордук (Теңир-Тоо) жана түштүк (Па­мир) тоо жааларына (дуга) бөлүп, мындай геол. аймакташтыруунун керектигин алгач ирет көрсөткөн. 1937-жылдан СССРдин кичине мас­штабдуу геол. карталарына редактор болгон. Урал боюнча иштерине СССР мамлекеттик сыйл. (1946), СССРдин 1:2 500 000 масштабдуу геол. картасын түзүүдө илимий жетекчилиги үчүн Лениндик сыйл. (1957) ыйгарылган. Төрт Ленин ордени, башка 3 ордени жана медалдар менен сыйланган. Какша­ал тоосундагы мөңгүгө ысмы берилген. Эмг.: Очерк геологии Туркестана. Таш.; М., 1926.