НАЙРОБИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАЙРОБИ - Кения Респ-нын борбору, шаар. Шаар айланасы менен Найроби борбордук округун түзөт. Экваторго жакын, тайпак тоолуу платодо, деңиз деңгээлинен 1795 м бийиктикте жайгашкан Чыгыш Африкадагы эң чоң шаар. Калкы 3,1 миллион
(2009). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Н. 1899-ж. негизделген. Ошол эле жылдан Кениядагы Британия ээлигинин администрациялык борбору болгон. 1964-жылдан көз каранды эмес Кениянын борбору. Улуттук университет, политех. коллеж, улуттук театр, драма мектеби (1968), консерватория, Агахан госпиталы (1950-70), маданий борбор (1960), Макмиллан мемориалдык китепканасы, музей (1952), Чыгыш Африканын заманбап искво галереясы (кустардык кооз буюмдар) бар. Палеонтология залынан байыркы аска бетиндеги жазууларды көрүүгө болот. Найроби улуттук паркы (анын ичинде жыландар паркы, ошондой эле зебра, антилопа, кабылан, арстан, төө куш ж. б. бар) уюштурулган.
