НАЙМАНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАЙМАНДАР (моңголчо «сегиз») - 9-12-к. Ор­хон жана Иртыш д-н мекендеген көчмөн түрк (кээ бир маалыматтарда моңгол) урууларынын би­рикмеси. Н. тууралуу жазма маалымат алгач Рашид ад-Динде кезигет. Ал боюнча Н. талаа уруу­ларына кирип, Чоң-Алтай, Кара-Корум, Көк­Иртыш аймагын мекендешкен. Уйгур жазмасын колдонуп, несториан динин (к. Несторианчы­лык) кабыл алышкан. Н-ды Таян хан, Күчлүк хандар бийлеп, 13-к-дын башында Чыңгызхан­дын аскерлеринин кысымы астында Н. Жети­Суу, Кашкар жана Фергананы көздөй чегиниш­кен. Кыргыздын ичкилик уруулар тобуна кир­ген Н. тууралуу маалыматтар кээ бир кытай жана араб-фарсы тилиндериндеги жазмаларда ке­зигет. Мисалы, «Тарих-и Кашкари» боюнча 18-к-да алар Кашкар, Жаңы-Гиссардын айланасын жер­деген. Учурда Н. Ноокат, Чоң-Алай, Сузак р-н­дорунда, Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фер­гана жана Жызак обл-нда, Тажикстандын Мур­габ, Жерге-Тал р-ндорунда, КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу обл-нда (Ак-Тоо ооданы) турушат. Ал эми казактардын Орто Жүзүндө (к. Жүз) аргын, уак, кереит, кыпчак, коңурат, тарактылар менен катар чоң уруулардын бири бо­луп Н. эсептелет.

Ад.: Сборник летописей. История монголов, Сочи­нение Рашид-Эд-дина/Пер. Березина. СПб., 1858; Аристов Н. А. Заметки об этническом составе тюрк­ских племён и народностей. СПб., 1897.