НАЗАРАЛИЕВ Медербек: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАЗАРАЛИЕВ Медербек (1934-жылы туулган, азыркы Чүй обл., Панфилов р-ну, Орто-Кайырма айы-

лы) - режиссёр, КРдин эл артисти (1992). 1958-ж. А. Н. Островский атындагы Ташкент театр-көркөм институтун бүтүргөн. 1958-62-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрынын башкы режиссёру, 1962-71-жылы Туулган Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында режиссёр, 1971- 78-ж. кайрадан Нарын музыкалык драма театрында башкы режиссёр, 1978-79-ж. Кыргызстан театр коомунда көркөм жетекчи, 1979-83-ж. Респ. эл чыглыгы үйүндө элдик театрлар бөлүмүнүн башчысы, 1984-жылдан К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл обл. драма театрында башкы режиссёр. Койгон спектаклдери: Н. В. Гоголь «Текшерүүчү», А. Грибоедов «Акылдан азап», Азиз Несин «Жүрү бери», Ч. Айтматов «Саманчынын жолу», Т. Абдымомунов «Абийир кечирбейт» ж. б.