НАЗАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАЗАР Болот уулу (1828, Ысык-Көл өрөөнү - 1893, ошол эле жер) - манасчы, жомокчу. Бугу УРУУсунун арык тукумунан. Анын чыгармачылыгы жөнүндө манасчы Тыныбек менен айтышынан башка так маалымат жок. 1961-ж. «Манас» изилдөөчү 3. Мамытбеков С. Каралаев менен болгон аңгеме­синде: «Валиханов Көкөтөйдүн ашын Ысык­Көлдөгү чоң манасчы Назар Болотовдон Токсо­ба Олжобаевдин айылында жазып алган» деп көрсөткөн. Бугу уруусунун башчылары Ч. Ва­лихановго кыргыз элинин көркөм өнөрүн көрсө­түш үчүн Н-ды чакырып келип, «Манас» айт­тырган болуш керек. Н-дын жомокчулугу жөнүндө «Назар үнү бийик, эпостун “Семетей”, “Сейтек” бөлүктөрүн толук айткан чоң жомокчу болгон. Ал “Манасты” айтып кызыган учурда топусу шилисине, бирде чекесине келип-кетип турчу» экен деген өңдүү гана сөздөрдү айтышат (КР УИАнын Кол жазмалар фондусу, № 233, 6-6.). Учурунда көлдүн атактуу манабы Чыныбай Н. менен Тыныбекти айтыштырып көргөн. Манасчы­ларга Манастын өлгөнүнөн ага күмбөзү салды­рууга чейинки эпизоддорду айтуу тапшырылат. Адегенде Н. айтып бир жарым күндө бүтөт. Анын айтуусу боюнча Манастын күмбөзүн Надыр аттуу устага салдырганы баяндалат. Н-дын өз учурунун атактуу манасчысы Тыныбек менен ай­тышы жогоруда айтылган Н. «Манас» үчилти­гин толук билген чоң жомокчу болгон деген эс­керүүлөрдү тастыктайт. Н. жарды киши болуп: «Жээрде аттан башка малым жок, Манастан башка жаным жок»,- деп ырдачу экен. С. Ка­ралаевдин устаттары Акылбек, Чоюке сыяктуу манасчылар «Манасты» Н-дан үйрөнгөн дешет.

Ад.: Мамытбеков 3. Ч. Ч. Валихановдун «Манас­тан» жазып алган эпизоду// «Манас» эпосун изилдөө­нүн кээ бир маселелери. Ф., 1966.