НАЖИБУЛЛА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАЖИБУЛЛА Мухаммед (6. 8. 1947, Афган­стан, Гардез - 27. 9. 1996, Кабул) - Афганстан­дын мамлекеттик жана саясий ишмери, дипломат. Ме­дицина илимдеринин доктору (1975). 1975-ж. Кабул университетин бүткөн.

1980-86-ж. Мамлекеттик информация кызма­тынын начальниги, 1986- 92-ж. Афганстан Элдик-де­мокр. партиясынын гене­ралдык секретары, ошол эле мезгилде 1986-87-ж. Революция­лык советтин төрагасы, 1987-92-ж. Афганстандын президенти. Ал «улуттук тынчтык» заясатын жүргү­зүп, элдин социалдык аба­лын оңдоого аракеттенген. Афганстандан советтик аскерлер чыгарылгандан кийин 1992-ж. оппо­зиция өкүлдөрү Н-нын өкмөтүн кулаткан. Өмү­рүнүн акыркы жылдары Н. Кабулдагы БУУнун миссиясынын имаратына жашыруун баш кал­калап, 1996-ж. «Талибан» ислам уюмунун өкүл­дөрүнүн колунан өлтүрүлгөн.