НАГАСАКИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАГАСАКИ - Япониядагы шаар. Нагасаки бу­луңундагы эл аралык маанидеги порт. Чыгыш Кытай деңизинде, Кюсю а-нын батышында жай­гашкан. Нагасаки префектурасынын администрациялык бор­бору. Калкы 438,2 миң (2012). Кеме куруунун ири борбору. Машина куруу, металлургия, нефть-химиялык, тактай тилүү, тамак-аш ө. ж. иш­каналары иштейт. Аскер-деңиз арсеналы. Ба­лык кармоочу база. Университет, музейлер (анын ичинде соода­ө. ж., шаардык, сүрөт, атом бомбасы) бар. Ба­лыкчылардын тургун жайынын ордунда пайда болгон. 12-к-дан белгилүү. Н-ге 2-дүйнөлүк со­гуштун аягында 1945-жылдын 9-августунда аме­рикалыктар тарабынан атом бомбасы ташта­лып, андан катуу кыйроого учураган. 75 миңге жакын адам каза болуп, жаракат алган. Ки­йинчерээк кайра курулган. Япониядагы «кичи­некей Рим» деп айтылат. Анткени өлкөдөгү эң ири христиан коому зкашайт. Хиросимадан ки­йинки ядролук бомбалоодон жабыркаган дүй­нөдөгү 2-шаар. Синтоисттердин Сува чиркөөсү (16-к.), Софукудзи монастыры (1629), Кофукуд­зи будда храм комплекси (1620), Оура чиркөөсү (1864), Хонрендзи монастыры (1620), Меганэба­си көпүрөсү (1634) сакталган. Тынчтык мону­менти (1955) орнотулган.