НАВОИ (шаар): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАВОИ (1958-ж. чейин Керм ине кыш.) - Өзбекстандагы шаар (1958). Навои обл-нун администрациялык борбору. Заравшан өрөөнүндө жайгашкан. Өз­бекстан Респ-нын борбору Ташкенттен 360 км түштүк-батышта. Калкы 163,6 миң (2012). Т. ж. бекети. Жол тоому. ГРЭС, химиялык, пахта тазалоо, тамак-аш, курулуш материалдар ө. ж. ишкана­лары иштейт. Эки институт (анын ичинде педагогикалык), академиялык ли­цей, 6 коллеж, китепканалар, 2 музей, театр ж. б. бар. Өзбек акыны А. Навоинин ысмынан аталган. Н-ге жакын 10-11-к-дагы мавзолей жана 1558-59-ж-дагы ханака (сыйынуу жайы) сак­талган. 2001-ж. А. Навоинин 560 жылдык маа­рекеси өткөрүлүп, апын айкели орнотулган.