МЮНХЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МЮНХЕН - Германиядагы шаар. Бавария же­ринин (адм-айм. бирдик) администрациялык борбору. Альп тоо­сунун этегинде, Изар д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 1,3 миллион (2011; шаар айланасы менен Чоң М-дин калкы 2,6 млндон ашык). Европалык маа­нидеги маанилүү жол тоому. Эл аралык аэро­порту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн ө. ж., финансы, илимий жана маданий борборлорунун бири. Электр-техникалык, радиоэлектроника, жалпы жана транспорттук ма­шина куруу, ка­газ, полиграфиялык, тигүү жана текстиль,

химиялык, тамак-аш­татымал (анын ичинде пи­во кайнатуу өнүк­көн) ө. ж. ишка­налары иштейт. Банк иштери жана соода борбору. ИА жана асем искусство академиясы, университет, музейлер (анын ичинде Бавария улуттук, этногр. ж. б.), глиптотека (айкелдер топтому), эски жана жаңы пинакотека, театрлар бар. М-ге 8-к-дан эл оту­рукташа баштаган. 1158-жылдан шаар. 13-к-дан герцог резиденциясы. 1918-ж. чейин Бавария­нын борбору болгон. Соңку готика стилиндеги Фрауэнкирхе чиркөөсү (15-к.), Кудай эне собору (15-к.), Эски ратуша (15-к.), барокко сти­линдеги Нимфенбург ак сарайы (17-18-к.) сак­талган. 1972-ж. М-де XX олимпия оюндары өткөн. Жыл сайын ярмаркалар жана пиво фес­тивалдары өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.

ВМ1Ү музейи.