МЭН АРАЛЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МЭН АРАЛЫ — Ирланд деңизиндеги анча чоң эмес арал. Аянты 572 км2. Калкы 74,6 миң (2006). Расмий тилдери - англис жана гэль тилдери. Борбору - Дуглас. Аралдын жашоочулары беш королдуктун борборунда жашайбыз деп келишет. Анткени ачык күндө бийик дөңсөөгө чыгып караган адамга түштүгүнөн Уэльс, чыгышынан Англия, түндүгүнөн Шотландия, батышынан Ирландия көрүнөт.
Биздин заманга чейинки 800-ж. аралга викингдер келе баштаган. 1266-ж. чейин Норвегияга көз каранды болуп келген. Ошол мезгилден Скандинавия мамлекеттер системасына кирген. Ушул күнгө чейин ал өзгөрүлгөн жок. 1341-жылдан Англиянын көзөмөлүнө өткөн. Аралды 1405-ж. англ. король Генри IV Стэнлинин үй-.бүлөсүнө белек
кылган. Кийинчерээк 1765-ж. Британия өкмөтү 70 миң фунтка сатып алган. Британия Шериктештигине көз каранды эмес мүчө.
Климаты Гольфстрим жылуу агымынын таасиринен жумшак, нымдуу келип, шамал болуп турат. Эң суук айы февралда абанын температурасы 4°С, июль-августта 17°С, эң жогоркусу 28,9°С.
Арал - Улуу Британиянын өз алдынча башкаруу укугуна ээ аймагы. Аралдын парламенти - Тинвальд (миң жылдан ашык тарыхы бар дүйнөдөгү эң байыркы парламент); эки палатадан (мыйзамдар кеңеши жана төмөнкү) турат. Аралдын башчысы Улуу Британия королевасы, ал Мэн а-нын лорду деген титулга ээ. Негизинен аралды королева дайындаган генерал-губернатор (5 жыл) башкарат. Аралдын сырткы жана коргонуу саясатын Улуу Британия жөнгө салат. Арал Европа шериктештигине ассоциацияланган мүчө. Экономикасынын негизин туризм жана финансы сектору (оффшордук аймак) түзөт.
Ад.: Остров Мэн//Всё о странах мира: Атлас-справочник. М., 2006. Р. Карачалова.