МЫШЫК-ЧЫЧКАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МЫШЫК-ЧЫЧКАН - өспүрүм балдардын оюну. Оюн тегиз аянтчада, оюнчулар өздөрү тандаган жерде ойнолот. Оюнга 25-30 оюнчу катышат. Алар кол кармашып, тегерек тартып турушат. Калыс оюнчулардан өзү каалаган эки оюнчуну ортого чакырат. Алардын бирин «мышык», би­рин «чычкан» деп атайт. Мышыкты оюнчулар­дын арт жагына, чычканды ортого тургузат. Ка­лыс оюнду баштоого белги бергенде мышык чыч­канды кубалап жөнөйт. Чычкан тегерек тар­тып кол кармашып турган оюнчулардын кол­дорунун астынан өтүп, мышыкка жеткирбей качат. Мышык чычкандын артынан калбай ку­балап, чычканды кармап алууга аракеттенет. Оюнчулар көбүнчө колдорун көтөрүп, чычканга жол ачып, колдорун түшүрүп, мышыктын жо­лун тосушат. Мышык чычканды кармап алса, мышык менен чычкан оюнчуларга кошулат. Ан­дан кийин калыс оюнчулардан эки оюнчуну ортого чыгарып, кайрадан мышык-чычкан деп атайт. Ошентип, оюн улантыла берет.