МЫШЫК ТАМЫР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

МЫШЫК ТАМЫР (Valeriana) - өсүмдүктөрдүн мышык тамырлар тукумунун уруусу. Бийикт. 50-70 сжге жеткен, бир же эки үйлүү көп жыл­дык чөп. Жалбырагы сабакка тушташ жайгаш­кан, жээги тегиз, же үчилтик жана канатчадай тилкелүү. Гүлү майда, эки же бир жыныстуу, калканча, жарым шарча татаал топ гүлгө чо­гулган. Желекчеси

коңгуроодой, мала көк, кыз­гылт көк түстө. Мөмөсү - бир уялуу урукча. Жер жүзүндө анын 200 түрү, Түштүк жана Түндүк Америка­да, Евразияда таралган. Кыргызстанда 4 түрү бар, алар бөксө жана би­йик тоодогу таш­так, аскалуу бет­терде, нымдуу жер­деги бадал, токой арасында, өзөн бойлорунда өсөт. М. т-дын тамыры медицинада нерв системасынын, жү­рөк-кан тамыр ооруларын дары­лоодо дары катары кеңири пайдала­нылат. Тамыры­нын ширеси орга-

низмди тынчтантып, бир калыпта иштөөсүн камсыз кылуучу ар түрдүү дары-дармектин ку­рамына кошулат.