МШАНКАЛАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
МШАНКАЛАР (Bryozoa) - шапалактуулар тибиндеги суу жандыктарынын классы. Колониялуу организмдер, колониясы дарак сымал, чанда көлөмү чоң (бир нече слге чейин). Өзүнчө особдор - зооиддерден (уз. 1 мм дей) турат. Ар бир особдун назик алдынкы бөлүгү - полипид колониянын үстүнө бир аз чыгып турат жана бир аз дүүлүктүргөндө арткы бөлүгү - цистиддин ичине кирип кетет. Полипидинде тегереги шапалакчалар менен курчалган оозу жана жон анусу жайгашкан. Денесинин экинчилик көңдөйү (целому) жука тосмо менен арткы (дене) жана алдынкы (шапалактуу) бөлүккө бөлүнгөн. Дем алуу жана бөлүп чыгаруу системасы жок. Ичегиси илмек сымал, нерв системасы ганглийден турат, андан нервдер чыгат. Гермофродиттер, жумурткасы сууда, дене көңдөйүндө же атайын камерасында өөрчүйт. Личинкасы раковиналуу же кээ биринде жок. Личинкасы суу түбүнө түшүп, колонияны пайда кылат. М-дын 4 түркүмү, 4,5 миндей азыркы, 1,5 миндей тукуму курут болгон түрү белгилүү. Денизде, чандасы тузсуз сууда жашайт.